Бишкекте күйөөсүн жиликтеген келиндин иши боюнча соттук отурум 27-апрелге дайындалды

Борбор калаада күйөөсүн жиликтеген 26 жаштагы С.Айдайдын иши боюнча соттук кароо 27-апрелге дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттук отурум Октябрь райондук сотунда каралмакчы. Буга чейин бул ишти карап жаткан судья шаардык сотко которулуп кеткендигине байланыштуу соттук иш башка соттун кароосуна өткөрүлүп, 4-апрелге дайындалган. Бирок ал күнү ишти карай турган судья бошобой калгандыгына байланыштуу соттук кароо болгон эмес.

Айта кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан чемоданга салынган абалда табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы 18-августта кармалып, ал кылмышын моюнуна алып, күйөөсү экөөнүн ортосунда уруш чыгып, аны бычактап, кийин аны жиликтеп салганын билдирген. Айыпталуучу менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
edil.kg
2016-04-19 18:49:20
бул келинди омур бою камаш керек башка жол жок !
+4
radyakiz
2016-04-19 19:23:35
Эмнеге эле ушул келиндин сотун жылдырып атышат. Юрфактты буткондор барбы,эмне ушинтип созуп отуруп аягында срогу бутту деп бошотуп коебу эскирди депчи,ошондой болобу?
+5
dubai
2016-04-20 01:04:41
radyakiz,срогу бутпойт,просто келинди актап,сактап калуунун жолдору изделуудо же кылмышка байланыштуу жаны жагдайлар ачылып жатса керек,андай болсо жакшылап иликтенип соттун ишине тиркелиши керек..
0
Medina87
2016-04-19 19:56:12
Келин куйоосу менен кошо озун моралдык-психикалык жактан олтургон да....
Тируунун олугуно соз жок!
+1
KaiMak
2016-04-19 22:37:18
Сраз эле майдын 10-15терине жылдырыша бербейби. Дагы жылат карап тургула
0
Aruwka.89
2016-04-20 00:29:57
Айдайды сыртынан тааныйм, ишенгим келбейт, бул да бир адашты да,Мектепте активистка еле
0
aisu12345
2016-04-20 08:15:03
Жин кирип кеткен го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан