Япониянын Кюсю аралында дагы жер силкинүүлөр күтүлүүдө

Япониянын Кюсю аралында дагы жер силкинүүлөр күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде чет элдик басылмалар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалым болгондой, аталган аймакта дагы жер титирөөлөр күтүлүп жаткандыгына байланыштуу 250 миң адам эвакуацияланып, коопсуз жайларга жөнөтүлүштү. Азыркы тапта медицина кызматкерлеринин тобу убактылуу баш калкалоочу жайларга жеткирилген.

Эскерте кетсек, 14-апрелде Япониянын түштүк-батыш тарабындагы Кюсю аралында жайгашкан Кумамото шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:11 чамасында катуу жер титирөө катталган. Анын күчү очогунда 7 баллга жеткен. Жер титирөөнүн кесепетинен имараттар кыйроого учурап, 42 адам каза болуп, 400дөй адам жаракат алып, ооруканага жаткырылганы айтылган. Кыйроолор катталган аймакта өрт токтобой жаткандыгынан улам газ берүү токтотулуп, электр жарыгы өчүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
MuslimNur95
2016-04-19 16:41:24
Аллахым бизди сактасын биз Алаахтан башкага сыйынбайбыз , жапондорго окшоп буддтарга эмес, Куноолор кобойгон жерде.
+1
Abdurahman
2016-04-19 17:08:42
Аллахым озуно гана сыйынабыз озундон гана жардам сурайбыйз. Озуно маалым болгон бардык жамандыктардан бизди сактагын!
+1
MIRAN
2016-04-20 00:54:31
Жер титироодон корком.Аллахым озу сактасын.Дуйно жузу жана Кыргызстаным тынч болсун.Азыр адамдардын пейилине жараша ар кандай табигат кырсыктары болуп жатат.Адамдар пейилди ондош керек биринчи.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан