Бишкекте асынып, жүрөгү токтоп калганда куткарылган 15 жаштагы өспүрүм ооруканадан каза тапты

Бишкек шаарында асынып, жүрөгү токтоп калганда куткарылган 15 жаштагы өспүрүм ооруканадан каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде SUPER.KG порталына "Тез жардам" кызматынын жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов билдирди.

"Асынып алган өспүрүмгө тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп, "Тез жардамдын" кызматкерлери жандандыруу иш-аракеттерин жүргүзгөндөн кийин анын жүрөгү сого баштаган. Ага "клиникалык өлүм" деген диагноз коюлуп, ал тез арада ооруканага жеткирилген. Өспүрүм бала ооруканага оор абалда түшкөн жана дарыгерлер колунан келген жардамын көрсөтүштү. Тилекке каршы, өткөн аптада ал каза болуп калды, себеби анын баш мээсине доо кеткен",- деди Борисов.

Айта кетсек, 3-апрелде саат 09:49 чамасында "Тез жардам" кызматына "өспүрүм асынып алды" деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган "Тез жардамдын" кызматкерлери 15 жаштагы бала туугандары менен урушуп асынып алганын жана дем албай, жүрөгү токтоп калганын аныкташкан. Өспүрүмдү жандандыруу максатында тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп, саат 10:20да анын жүрөгү согуп, ал ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
maks94.kb
2016-04-19 16:48:59
Капырай эмне болуп кетти деги анчалык
0
Elime
2016-04-20 10:50:22
Бир келген омурдо татыктуу жашап, жакшы жаман кундорго сабырдуулук менен чыдасак ошол эмес беле жашоонун керемети.Кичинекей тушунбостукторго коз жумуп койбой асынып ала берсек адамзат калбай калат го.15 жаш эн сонун ойноо курак эмес беле аттин, жалп этип очкону окунучтуу.
0
cholponka91
2016-04-20 12:16:29
ии байкуш бала ай жаткан жери жайлуу болсун жапжаш кете берди не тапты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан