26-мартта жүргүзүлгөн рейд учурунда борбор шаардагы Байтик баатыр, Сүйөркулов, Ибраимов, Курманжан датка, Жибек Жолу көчөлөрүндөгү талапка жооп бербеген жана мыйзамсыз илинген 57 даана көрнөк-жарнак алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара Бишкек мэриясына караштуу Жарнама департаменти, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жана “Тазалык” ишканасы тарабынан жасалды.