Орусияда 2 кыргыз жараны 21 жылга эркинен ажыратылды

Орусияда Кыргызстандын 2 жараны адам өлтүрүү боюнча айыпталып, 21 жылга эркинен ажыратылды. Мындай маалыматты Орусиянын Москва облустук Тергөө комитети билдирди. Кыргызстандык 24 жаштагы Акылбек Муканбетов жана 20 жаштагы Нурзида Абдугапарова 2011-жылы 16-январда өздөрүнүн жердешинин үйүн тартып алуу максатында үй ээсин балта менен чаап өлтүрүп коюшкан. Көп өтпөй укук коргоо органдары тарабынан кылмышка шектүүлөр Москва шаарында кармалып, тергөө иштери аяктагыча камакка алынышкан. Эми соттун чечими менен аталган экөө 21 жылга эркинен ажыратылды.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан