Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда "жаңы төрөлгөн ымыркайын дааратканага таштаган" делген келиндин иши сотко өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган факт боюнча укук коргоо органдары тергөө иштерин бүтүрүп, тиешелүү материалдарды сотко өткөрүп беришти.
Айта кетсек, окуя 27-январда саат 21:47 чамасында болгон. Ал жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №97-өрт-куткаруу бөлүмүнүн жана Токтогул райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери келишкен.
Даараткананын жанында көп кабаттуу үйлөр жайгашкан. Ал жерде жүргөн жашоочулар кечинде баланын ыйлаган үнүн угуп калышкан. Дааратканадан ымыркайды жергиликтүү тургун Жапар уулу Асанкул чыгарып, дарыгерлерге берген. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү аял кармалган. Анын мурун ажырашканы жана бир баланы тарбиялап келгени аныкталды.
Мындан тышкары ымыркай маалына жетип, 2 килограмм 535 грамм салмакта төрөлгөнү
белгилүү. Аны дааратканага таштаган энеге карата "жаңы төрөлгөн баласынын өмүрүнө кол салуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Энелик укуктан ажыратылышы боюнча маселени социалдык органдар карашмакчы.