Эквадор мамлекетинин Муисне шаарында орун алган жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 500гө жетти. Чет элдик ММКлар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө шилтеме берип, каза болгондордун саны мындан да өсүүсү мүмкүн экенин жазышууда. Жалпы 2500дөй адам жаракат алган болсо, айрымдарынын абалы дале оор бойдон. Дагы 1700 адам дайынсыз болуп жатат. Алардын көбү уранды астында болушу мүмкүн экени айтылууда.
Эскерте кетсек, жер титирөө 17-апрелде болуп, күчү 7,8 баллга жеткен.