Базар-Коргондо мас абалдагы күйөөсүнө өчөшүп 7 жашар жээнин таяк менен сабап өлтүргөн таежеси 8 жылга эркинен ажыратылды

Базар-Коргондо мас абалдагы күйөөсүнө өчөшүп 7 жашар жээнин таяк менен сабап өлтүргөн таежеси 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-декабрь күнү кечинде катуу сабалган кыз эртеси күнү саат 08:30 чамасында сабакка баратып көчөдөн эс-учун жоготуп кулап калган. Аны тез арада ооруканага алып барышкан, бирок кыз оор жаракаттардан улам каза болуп калган. Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында 7 жашар К.Тахмина аттуу кызга И.Ырыскан аттуу таежеси кол көтөргөнү аныкталган. Айыпталуучу өз көрсөтмөсүндө кыз тентектигинен улам ошол күнү сабалганын билдирген.

Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 29-февралындагы өкүмү менен Ырыскан Истамбекова КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин "байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген, саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркинен ажыратылган. Жалал-Абад облустук сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча коллегиясынын 2016-жылдын 12-апрелиндеги өкүмү менен Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 29-февралындагы өкүмү өзгөртүлүп, Ырыскан Истамбекова 8 жылга эркинен ажыратылды. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды.

Айта кетсек, буга чейин каза болгон кыздын апасы экинчи кызы менен Базар-Коргондо жашаары маалым болгон. Алардан башка дагы эки баласы балдар үйүндө тарбияланып, жолдошу Орусияда иштегени айтылган. Жашоонун кыйын кырдаалына учураган үй-бүлөнүн апасы балдарын бага албай, аларды балдар үйүнө жана тууганына бергени белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zhykyo
2016-04-20 11:38:33
Долонбай десе
0
diaz
2016-04-20 13:01:15
жаман болуптупго
0
sabyr86
2016-04-20 14:18:25
8 жыл аз.
+1
konsilium
2016-04-20 20:29:40
Эмне учун сабап олтуруп жатса аз эле жыл берилген.эмне ата,энеси сабап олтур деп бериптирби алар да ачкалыктан олбой калсын деп тиги канкорго берген болсо керек.Кудайым ай эмне эле жаш балдарды сабап же олтургондор кобойуп бараткандай.
0
isnur93
2016-04-20 23:08:14
Энесида кичине шартына карап торобойбу,торойт деселе торой бербей.Байкуш балдары ата энеси тирик болуп ар жерде журушот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан