Бишкекте 15 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан карыя изделүүдө. Бул тууралуу 20-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 79 жаштагы Ринат Ханов 5-апрель күнү Бишкек шаарындагы Панфилов көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Дайынсыз болуп жаткан пенсионер көк түстөгү көйнөк, боз түстөгү костюм, кара бут кийим, башына кара кепка кийип кеткен. Алдын ала маалыматтарга ылайык, карыя эс тутумун жоготуу менен жабыркайт.
Милиция жогорудагы карыяны көргөн-билгендерден 102 же (0551) 10-27-94, (0552) 10-27-27 телефон номерлери аркылуу байланышып коюуну өтүнөт.