Чүй облусунда "ок атуучу куралды сатууга аракеттенген" деп шектелген жаран кармалды

Чүй облусунда "ок атуучу куралды сатууга аракеттенген" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 13-апрелде жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин алкагында Сокулук районунун Ак-Жол айылынын аймагынан "мыйзамсыз түрдө ок атуучу куралды сактап, аны сатууга даярдаган" деген шек менен Калашников үлгүсүндөгү автоматын сатууга аракет кылган Алай районунун 35 жаштагы Т.А. аттуу тургуну кармалган. Алынган ок атуучу курал баллистикалык экспертизага жөнөтүлүп, аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан