Токмок шаарында жөө жүрүүчүнү сүзүп, аны бир нече метрге сүйрөп барып, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу изделүүдө

Токмок шаарында айдоочу жөө жүрүүчүнү унаасы менен сүзүп, аны бир нече метрге сүйрөп барып, окуя болгон жерден качып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундардын бири билдирди.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, азыркы тапта айдоочу изделип жатат.

Маалыматка ылайык, окуя 19-апрелде саат 21:30 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 56-чакырымында орун алган. Анда 45-50 жаштардагы азиат улутундагы аялды катуу ылдамдыкта келаткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу сүзүп, бир нече метрге сүйрөп барып, окуя болгон жерден качып кеткен. Оор жаракаттардан улам жабырлануучу ошол жерден каза болуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан