Бишкек шаарында темир жолдун аймагынан мас абалдагы кишини поезд сүзүп кетип, ал оор жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде “Тез жардам” кызматынан билдирди.
Маалым болгондой, 19-апрелде саат 21:40 чамасында аталган мекемеге "Чолпон-Ата жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинен мас абалдагы 35-40 жаштардагы адамды поезд сүзүп кетти" деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган "Тез жардамдын" кызматкерлери жабырлануучу бир нече оор жаракаттарды алганын аныктап, алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, аны ооруканага жеткиришкен.