Бишкектин, Жайыл жана Аламүдүн райондорунун айрым айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт
“Түндүк электр” ишканасынын басма
сөз кызматы билдиргендей бүгүн, 29-мартта саат 9:00дөн 17:00гө чейин Дордой
жаңы конушунун бир бөлүгүндө, шаардагы Великолукский, Кедровый, Бөкөнбаев, Т.Молдо,
Курчатов, Коперник, Бах көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Ошондой
эле Чүй облусундагы Жайыл районунун Полтавка айылында, Аламүдүн районунун Маевка айылынын Жаш гвардия, Школьный, Весёлый, Сельский, Строительный көчөлөрүндө,
Таш-Дөбө, Константиновка айылдарында электр жарыгын берүү
чектелет. Бул өчүрүүлөр тиешелүү көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу болот.