Бишкекте өзүн өзү бычактап өлтүрүүгө аракеттенген жигит ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде “Тез жардам” кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган кызматка "борбор калаанын Пушкин көчөсүндө өзүн өзү өлтүрүүгө аракеттенип жатат" деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге келген “Тез жардам” кызматынын кызматкерлери 23 жаштагы жигит өзүн бир нече жолу бычактаганын аныкташкан. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, жабырлануучу ооруканага жеткирилген.