27-мартта Ош шаарында бүркүттүн 8 айлык балапанын мыйзамсыз багып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, балапанды аталган шаардын Амир-Темир кичи районундагы жашоочулары бири багып жүргөн. Колго түшкөн учурда, кылмышка шектүү жаран аны бирөөдөн сатып алгандыгын айткан. Учурда балапан Ананьевадагы жаныбарларды реабилитациялоо борборуна өткөрүлүп берилди. Ошондой эле аталган факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.