Аламүдүн районунда көрүстөндү талкалоого шектелген жаран кармалды. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан 20-апрелде кабарлашкандай, райондук милицияга Октябрь айылындагы көрүстөндү белгисиз бирөө талкалап кеткени боюнча маалымат түшкөн. Милиция издөө иштерин жүргүзүп, натыйжада 1988-жылы туулган Т.А. аттуу жаранды колго түшүрүшкөн. Учурда иштин чоо-жайын аныктоо аракеттери жүрүп жатат.