Ош шаарында "кызганычтан улам сүйлөшкөн кызын бычактаган" деген шек менен 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 19-апрелде саат 13:00 чамасында Ош шаарынын А.Навои атындагы эс алуу багында таанышы менен сейилдеп жүргөн Чоң-Алай районунун 24 жаштагы К.П. аттуу тургунун белгисиз адам бычактап кеткен. Кыздын жанындагы мырзаны да бычак менен коркутуу болуп, ал окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Алай районунун Кызыл-Алай айылынын 29 жаштагы С.Ж. аттуу тургуну кармалды. Ал жасаган кылмышын моюнуна алып, мындай кадамга кызганычтан улам барганын билдирген. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышка шектүүнүн айтымына ылайык, ал жабырлануучу менен кыз-жигит катары мамиле түзүп жүргөн. Жабырлануучу учурда жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.