Бишкектеги үйүнөн чыгып кетип 15 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан карыя Ош шаарынын ооруканаларынын биринен табылды

Бишкектеги үйүнөн чыгып кетип 15 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан карыя Ош шаарынын ооруканаларынын биринен табылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 15 күндөн бери дайынсыз болуп, издөөдө жүргөн карыя 9-апрель күнү аталган шаардын аймактык ооруканасынын жүрөк оорулар бөлүмүнө түшкөнү аныкталган. Карыянын айтымына караганда, ал жакка кантип барып калганын өзү да билбейт. Эс тутумун жоготуу менен жабыркаган карыя ооруканада экендиги тууралуу маалыматты оорукананын кызматкерлери билдиришкени белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
isko-nookat
2016-04-20 16:34:51
женеша министирлерди титиреткенго
+3
kobra86
2016-04-20 17:06:30
кантип Ошко барып калды экен а? Аллахка шугур аман эсен табылып калыптыр!
+2
miki-84
2016-04-20 22:58:34
Бишкектен ошко кантип келген элестеткиле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан