Борбор калаада "бала багып берем деген шылтоо менен аны өзүнө каттатып алууга аракеттенген" деп шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Чүй облусунун Аламүдүн районунун 20 жаштагы Х.З. аттуу тургуну кайрылган. Ал 8-апрель күнү саат 17:00 чамасында Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен Шайыр аттуу аял 1 жаштагы кызын "багып берем" деп ишенимине кирүү менен алып, аны өзүнө каттатып алууга аракеттенгенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 40 жаштагы Б.Ш. аттуу Аламүдүн районунун тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө бөлүмүнө тапшырылды.