Чүй облусунда "сойкулук кызматын көрсөтүүчү жайды уюштурган" деп шектелген 56 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 2016-жылдын 25-мартынан тарта Кант шаарындагы мейманканалардын биринен мейманкананын ээсинин уруксаты жок, аялдардын сойкулук кызматтарын уюштуруп жатканы белгилүү болду. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 56 жаштагы И.Чолпон аттуу аял кармалып, ага карата “сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү” беренесине ылайык кылмыш иши козголду.
Ошондой эле Чүй облусунун Люксембург айылынан да аталган факт менен шектелген 34 жаштагы Э.Юлия аттуу аял кармалган. Кылмышка шектелип кармалган жаран сойкулук кызматынан түшкөн 2600 сом акча каражатын өз ыктыяры менен өткөрүп берген.
Кармалган аялдар аймактык соттордун чечими менен, тил каттын негизинде бошотулду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.