Талас облусунда жол кырсыгы болуп, 5 адам каза тапты

27-мартта Талас облусунун Бакай-Ата районунда жол кырсыгы болуп, 5 адам каза болду. Кырсыктан Ауди унаасынын айдоочусу, 1984-жылы туулган Н.С., жүргүнчүлөр 1984-жылы туулган Н.К., 1986-жылы туулган С.К., 1979-жылы туулган Н.уулу Р. жана 1964-жылы туулган С.С. аттуу адамдар көз жумган. Ал эми кырсыкка учураган экинчи унаанын айдоочусу, 1957-жылы туулган М.С. Бакай-Ата районундагы аймактык ооруканага жеткирилди. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан