Кыргыз-казак чек арасында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

20-апрелде саат 16:52 чамасында кыргыз-казак чек арасында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Жер титирөөнүн очогу кыргыз-казак чек арасындагы Күнгөй Ала-Тоо кыркасында жайгашып, Ак-Булак айылынан 10 чакырым түндүк-батышты карай, Ананьев райондук борборунан 45 чакырым түндүк-чыгышты карай жайгашкан.

Жер титирөө Ак-Булак, Күрмөнтү, Шаты, Талды-Суу айылдарында 3,5-4 балл, Түптө 3 баллга сезилген. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан