Бишкекте эки күн ичинде 3 адам баңгизат менен колго түштү

18-19-апрель күндөрү Бишкекте баңгизат менен 3 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 18-апрелде саат 23:00 чамасында Аламүдүн районунда патрулдук милициянын кызматкерлери шектүү адамды токтотуп, текшерүүнүн жүрүшүндө 226 грамм марихуана табышкан. Ал Бишкек шаарынын 40 жаштагы тургуну экени аныкталды.

19-апрелде ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө Сокулук районунун 34 жаштагы тургуну кармалып, андан 860 грамм марихуана табылган. Ошол эле күнү саат 19:00 чамасында Ак-Бата конушундагы үйлөрдүн биринде баңгизаттарды сактоо боюнча шектелген адам колго түшкөн. Текшерүү учурунда 750 грамм гашиш табылган. Ал буга чейин соттолбогон, 29 жаштагы жумушсуз экени аныкталды.

Учурда аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mongol1155
2016-04-21 09:09:42
Бангизат менен кармалгандарды Кытайдагыдай катуу жазаламайынча,бул иш улана берет.
+4
Aitpaaim
2016-04-22 00:46:01
кармап акчасын алып уй камагына бошотсо кобойбой койобуле кармагандан кийин чара коруш керекта. Крим авторитет балдары экен деп бошотуп койсо кобойотта балык башынан сасыйтта ак уйдо отуруп мага караштту деп звандап турушат ошентип отурушса кочодоку гаи маи лер эмне турушат даже тж терди да сындырганга койбойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан