Кадамжай районунда 9 жаштагы баланы сүзүп кеткен автобустун айдоочусунун иши сотко өттү

Баткен облусунун Кадамжай районунда 9 жаштагы баланы сүзүп кеткен автобустун айдоочусунун иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде SUPER.KG порталына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-март күнү Кадамжай-Айдаркен унаа жолунан К.Равшанжан аттуу өзбек жараны 9 жашар С.Элдар аттуу баланы сүзүп, оор жаракаттардан улам бала каза болуп калган. Айдоочуга карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери аяктап, ал соттук кароого жиберилген. Кылмышка шектүү учурда Кадамжай райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында.

Эскерте кетсек, катуу ылдамдыкта келаткан айдоочу жолдон жаш баланы сүзүп кеткен. Оор жаракаттардан улам бала ошол жерден каза болгон. Окуя болгон жерге чогулган жергиликтүү тургундар автобусту таш менен ургулап, талкалап салышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан