Чүй облусунун Жайыл районунда катуу шамал катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кара-Балта метеостанциясынын билдирүүсүнө ылайык, Жайыл районунда саат 03:22ден саат 03:40ка чейин батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен. Аталган аймакта Жарандык коргоо комиссиясы тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлдү, алдын ала маалыматтарга караганда, кыйроолор жана жабыркагандар катталган эмес.