Бишкекте "эки жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен" деп шектелген Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды

Борбордо эки жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 04:10 чамасында Жибек-Жолу - Үмөталиев көчөсүнүн кесилишинен айдоочу эки жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. 25-30 жаштардагы жана 21 жаштагы эки жабырлануучу оор жаракаттарды алып, алардын бири ооруканага жетпей каза болуп калган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 26 жаштагы тургуну кармалды. Анын көрсөтмөсүнө ылайык, ал эки адамды сүзүп кеткенден кийин коркуп, окуя болгон жерден качып кеткенин билдирген. Учурда унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан