Бишкек шаарында унаасында бир нече ок атуучу куралдары бар мурда сот жообуна тартылган 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү саат 23:00 чамасында Жибек-Жолу - Малышев көчөлөрүнүн кесилишинен ыкчам текшерүү иштеринин алкагында Тойота Алтеза үлгүсүндөгү кара түстөгү унаа токтотулган. Шек жараткан унаанын салонун кароо учурунда кара түстөгү сумкадан 1 даана 16-калибрдеги ок атуучу курал, 16-калибрдеги 4 даана гильза, 3 даана колго жасалган бычак, 1 оюн таякчасы (бита), бет кап түрүндөгү 1 кара топу, 1 даана медициналык көк түстөгү бет кап, 3 даана кол кап табылган.
Иликтөө иштеринин алкагында унаанын айдоочусу мурда сот жобуна тартылган Новопавловка айылынын 18 жаштагы Н.А. аттуу тургуну экени, ал эми анын жүргүнчүлөрү мурда соттолгон Токмок шаарынын 26 жаштагы Н.Т. аттуу жана 21 жаштагы Б.Б. аттуу тургундары экени аныкталган. Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.