Бишкек шаарында 67 жаштагы аял өз өмүрүнө кол салууга аракет жасады. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде “Тез жардам” кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ саат 23:05 чамасында "Тез жардамдын" нөөмөт бөлүмүнө "аял бычактан жаракат алды" деген билдирүү түшкөн. Ак-Ордо жаңы конушундагы үйлөрдүн бирине барган "Тез жардамдын" кызматкерлери 67 жаштагы аял өзүн өзү өлтүрүүгө аракеттенип, бычактан жаракат алганын аныкташкан. Жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн, бирок ал ооруканага баруудан баш тарткан.