Эквадор мамлекетинде 570тен ашуун адамдын өмүрүн алган жер силкинүүдө кыргыз өлкөсүнүн жарандары жабыркаган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 21-апрелде Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги аркылуу алынган маалыматка ылайык, Эквадордогу жер силкинүүлөрдө жабыркаган кыргыз жарандары катталган эмес.
Эскерте кетсек, кырсыктын кесепетинен каза болгон 570тен ашуун адамдын ичинен 11и чет элдик жарандар экени айтылган.