Жалал-Абад медициналык колледжинин жооптуу кызматкерлери 2015-жылдын ичинде "камкордук фондго" деп жасалма документтерди даярдап, ар бир студенттен 500 сомдон чогултушкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
"Чогултулган акча каражатынан жасалма актынын негизинде 351 720 сом акча каражаты мыйзамсыз түрдө өздөрүнө ыйгарылганы аныкталды. Аталган факт боюнча "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу" жана "жасалма документ жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө",- дешти милициядан.