Бишкекте айдоочу электр чубалгысынын тирөөчтөрүн сүзүп, 150 үй жарыксыз калды

Бишкекте айдоочу электр чубалгысынын тирөөчтөрүн сүзүп, 150 үй электр камсыздоосуз калды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде "Түндүк электрдин" басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 20-апрелде саат 12:30 чамасында Төкөлдөш конушунда 150гө жакын үй электр жарыгысыз калган. Буга MAN үлгүсүндөгү унааны башкарган орусиялык айдоочу "Электровакуумная" көмөк чордонунан тараган электр чубалгысынын тирөөчтөрүн сүзүп алганы себеп болгон. Окуя болгон жерге тиешелүү кызматкерлер барып электр камсыздоону калыбына келтиришкен. "Бул факт боюнча тиешелүү акт түзүлүп, унаанын ээси тарабынан келтирилген материалдык зыяндын ордун милдеттүү түрдө толтуруп берүү тууралуу кепилдик каты алынган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
argen.kg4
2016-04-22 02:25:09
Окуп кулкум келип кетти .Кичинемде уйубуздо свет очуп калса токсондон ашкан чон атам:"Кысталак бир мас шафер столбаны сузду окшойт" дей берчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан