ƟКМ: Чүй, Жалал-Абад жана Ош облусунда селден жабыр тарткандардын көпчүлүгүнө компенсация берилбейт

Чүй, Жалал-Абад жана Ош облусундагы селден жабыр тарткандардын көпчүлүгүнө компенсация берилбейт. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар мамлекеттик компенсация алгандардын категориясына кирбейт. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

"Жабыр тарткандардын баары беш категорияга бекитилген, алардын ичинен төртүнчү жана бешинчи категориядагылар гана компенсация ала алышат. Учурда ӨКМнын Жарандык коргонуу кызматы жана тиешелүү органдар селден жабыркаган тургундарды аныкташууда. Азыркы тапта белгилүү болгондой, селден жабыркаган тургундардын көпчүлүгү биринчи, экинчи категориядагылар”, - дейт Бекилов.

Эскерте кетсек, 18-апрелде өлкө аймагы боюнча нөшөрлөгөн жамгыр жаап, Чүй облусунда күндүз, ал эми кечке жуук Ош жана Жалал-Абад облустарында катуу сел жүргөн. Турак жайларды суу каптап, малды суу алып кеткен. Ал эми Чүй аймагында "Өзгөчө кырдаал" жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2016-04-22 10:23:30
MES, саламатсызбы!
Сурооңуз түшүнүксүз болуп жатат.
dasta, талкуудан алыс билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуз! Билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан