Чүй облусунда "ижарага алган комбайнды тетикке өткөрүп салган" деп шектелген жаран кармалды

Чүй облусунда "ижарага алган комбайнды тетикке өткөрүп салган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Панфилов районунун тургуну кайрылган. Ал 2015-жылы чала таанышы Енисей үлгүсүндөгү комбайнын ижарага алып, аны тетикке бөлүштүрүп сатып жибергенин билдирген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 8 миң долларды түзгөн.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Федёровка айылынын 34 жаштагы Ц.Ю. аттуу тургуну кармалган. Бул факт боюнча "алдамчылык" бернеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү камакка алынды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан