Бүгүн, 21-апрелде саат 12:55 чамасында өлкө аймагында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, анын очогу кыргыз жеринин Ат-Ойнок тоо кыркасында жайгашып, Алмалуу айылынан 8 чакырым түштүк-батышты карай, Кара-Күнгөй айылынан 20 чакырым түштүк-батышты карай, Аркыт айылынан 28 чакырым түндүк-чыгышты карай, Токтогул шаарынан 52 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Алмалуу айылында 3 балл, Кара-Күнгөй, Ак-Тектир айылдарында 2 балл болгон. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.