Мелис Турганбаев: "Эгер мурда бир суткада 1-2 мас айдоочу кармалса, учурда патрулдук милиция күнүнө 30дай мас айдоочуну кармоодо"

"Эгер мурда бир сутка ичинде 1-2 мас айдоочу кармалса, учурда патрулдук милиция күнүнө 30дай мас айдоочуну кармап жатат",- деди бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министри Мелис Турганбаев.

Анын айтымында, Бишкектеги патрулдук милициянын балансында 120 унаа бар. "Патрулдук милиция бир суткада 3 нөөмөт менен иштейт. Бир нөөмөттө 30 унаа чыгып жатат. 30 унаа жетишсиз",- деди Турганбаев.

"Патрулдук милиция айылдарды кыдырып, мастарды жана кылмыш кылгандарды кармап жатат. Муну каржылаш керек. Инспекторлорго берилчү видеокамералар да жетишпейт. Өзүбүздүн күчүбүз менен сатып алуудабыз. Бир аз кемчиликтер бар, бирок ишти жакшыртууга аракет жасайбыз",- деди ички иштер министри.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан