Ош шаарында тоноочулук фактысына шектелген 3 жаран борбор калаадан кармалды, алардын бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү

"Ош шаарынан коркутуу жолу менен акча каражатын тартып алган" деп шектелген 3 жаран борбор калаадан кармалды. Алардын бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 21-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Ош шаарындагы азык-түлүк сатуучу дүкөнгө белгисиз адамдар кирип, бычак менен коркутуп 2 миң сом акчасын алып кетишкен. Жабырлануучунун айтымында, аны тоногондордун тапанчасы болгонун жана ал милиция кызматкерлерине кайрыла турган болсо өлтүрүп кетишерин да эскертишкенин билдирген.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин алкагында 18-апрель күнү кылмышка шектүү катары борбор калаанын 30 жаштагы Эрмек (К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү), 23 жаштагы Рыспек аттуу тургундары жана Талас облусунун 22 жаштагы Кайрат аттуу тургуну Бишкектен кармалды. Ошондой эле аталган факт боюнча кармалган жарандардын Бишкек жана Ош шаарындагы ушул сыяктуу кылмыштарга да катыштыгы бар экени аныкталган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurkojo
2016-04-22 03:06:02
Кылмыштуу топтун мүчөсү качан жок болот???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан