Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Урмат Аманбаева мамлекеттик бюджетке келтирген зыяны үчүн 3 миллион сом төлөп берди. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде SUPER.KG порталына анын жактоочусу Жыргалбек Бабаев билдирди.
Шаардык сот бул ишти кечээ карап, экс-депутатты 9 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо боюнча Октябрь райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Жактоочунун айтымында, Аманбаева борбор калаада камоого алынган 2 батирин кайтарып берүү өтүнүчү менен сотко кайрылган, бирок сот өтүнүчтү четке какты.
Эскерте кетсек, "Республика" фракциясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин экс-депутаты Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан "коррупция" беренесинин негизинде кылмыш иши ачылган. Экс-депутат "Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасап, мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтирген" деп айыпталган.