Бишкекте мас абалдагы үч адамдын тоноосуна кабылган жаран алардын бирин сабап өлтүрүп алды деп шектелүүдө

Бишкекте мас абалдагы үч адамдын тоноосуна кабылган жаран алардын бирин сабап өлтүрүп алды деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ саат 06:30 чамасында мас абалдагы үч адам көчөдө бараткан Ысык-Ата районунун 33 жаштагы Ж.А. аттуу тургунунун капчыгын жана уюлдук телефонун күч колдонуу менен алып кеткен. Алардын артынан кубалаган жабырлануучу аны тоногондордун бирин кармап алып, катуу сабап салган. Оор жаракаттардан улам ал ошол жерден каза болуп калган.

Иликтөө иштеринин алкагында маркум Сузак районунун 39 жаштагы Р.Т. аттуу тургуну экени аныкталган. Учурда тоноочулукка шектелгендер кармалып, сурак беришүүдө. Ал эми тоноого кабылган жаранга карата "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы тапта бул факт боюнча иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
maks.7673
2016-04-21 19:08:15
ак жеринен камалат эми байкуш
+3
Toloykon
2016-04-21 23:40:21
Озун озу коргосо да куноолонот экен да эми акыркы умут сотто калды женил эле жаза берсе экен
+1
ZAIYR
2016-04-22 08:35:37
Менин профилимди карасанар, коргонуу максатында Юрис жооп Берген.
0
Nurum15
2016-04-22 10:55:10
Эмне этияттап уруш керек беле, озу тоноп, тийишип атса.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан