Бишкек шаардык мэриясына караштуу Саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматына ылайык, борбор калаада ушул жылдын 1-мартына карата ВИЧ илдети менен катталган адамдардын саны 656 болду. Алардын 469у эркектер, 187си аялдар. Ошондой эле СПИД дартына кабылгандар 98 адам. Алардын ичинен 74ү эркек жана 24ү аял.