Ош шаардык милициясы уурулук менен алектенген топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган топ 10-апрелде 50 жаштагы аялдын чоң көлөмдө насыя аларын билип алып, банктан чыкканда аны тоноп кеткен. Топтун мүчөлөрү аялды үйүнүн алдынан тосуп алып токмоктоп, 23 500 долларын алып кетишкен. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген.
Иликтөөнүн жүрүшүндө 1995-жылы туулган А. уулу Кутманбек аттуу Кара-Суу районунун тургуну кармалды. Ал аталган кылмышты жасаганын моюнуна алды. Бул ишти ал эки шериги менен бирге жасаганы маалым болду. Ага карата кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Учурда тергөө амалдары уланып, анын шериктерин кармоо иштери жүрүүдө.