Борбор калаада күч колдонуу менен тартып алган унааны кайтарып берүүгө акча талап кылган" деп шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү саат 13:00 чамасында эки белгисиз адам күч колдонуу менен "Дордой" базарынын аймагынан Б.Маматов аттуу жарандын кара түстөгү Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаасын тартып алган. Кийин унааны уурдап кеткендер аны кайтарып берүү үчүн акча талап кылышкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары борбор калаада жашаган Жалал-Абад облусунун 1979-жылы туулган М.Б. жана 1982-жылы туулган Р.Т. аттуу тургундары кармалышты. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.