29-мартта республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактардагы унаа жолдору тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +17…+22 °C, түнкүсүн +5...+10 °C
Талас облусунда күндүз +16…+21 °C, түнкүсүн +2...+7 °C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +19…+24 °C, түнкүсүн +5...+10 °C
Баткен облусунда күндүз +17…+22 °C, түнкүсүн +3...+8 °C
Ысык-Көл облусунда күндүз +13...+18 °C, түнкүсүн +1…+6 °C
Нарын облусунда күндүз +15...+20 °C, түнкүсүн -1...+4 °C
Бишкек шаарында күндүз +19…+21 °C, түнкүсүн +7...+9 °C
Борбор калаада жаан-чачын болушу күтүлбөйт.