Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында август айында өтүүчү олимпиадалык оюндарга карата курулган 50 метрлик велосипед жүрүүчү көпүрө кулап, 2 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, каргашалуу окуя катталган учурда көпүрөдө 5 адам болгон, алардын ичинен 2 адам каза болуп, сууга түшүп кеткен бир адамды куткаруучулар чыгарышкан. Жергиликтүү бийлик "көпүрөдөн кулап каза болгондордун толук саны тактала экек" деген билдирүү тараткан.
Көпүрөнүн курулганына аз эле убакыт болгон жана ал жайында шаарда өтүүчү оюндар учурунда эки олимпиадалык борборду бириктирүү максатында салынган.