Бишкек-Нарын жолунда катталган кырсыктан 1 аял каза таап, 6 адам оор жаракаттарды алды

Бишкек-Нарын жолунда эки унаа сүзүшүп, 1 аял каза таап, 6 адам оор жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Нарын унаа жолунун 8-чакырымында орун алган. Анда Тойота Марк 2 үлгүсүндөгү унаа менен Мерседес-Бенц 180 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Натыйжада оор жаракаттардан улам 1 аял ошол жерден каза болгон, ал эми 6 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, оор абалда аймактык ооруканага жеткирилген.

Жаракат алгандар: Бишкек шаарынын 1993-жылы туулган Алмазбек уулу Манас жана 1991-жылы туулган Каныбек Жумабеков аттуу тургундары, Кемин районунун Ильич айылынын 1956-жылы туулган Анаркүл Ыштыбаева аттуу тургуну, калган 3 адамдын аты-жөнү такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jakilik
2016-04-22 12:17:34
Дардандабай жаш балдар акырын айдаса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан