Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл аймагындагы Дмитровка айылында Мерседес үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Учурда унаанын ээси жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.