Борбор калаада айдоочу мас абалдагы аялды сүзүп кетти

Борбор калаада айдоочу унаасы менен мас абалдагы аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде "Тез жардам" кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 22:58 чамасында "Тез жардам" кызматына "Жибек-Жолу - Будённый көчөлөрүнүн кесилишинен кишини сүзүп кетти" деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган "Тез жардамдын" кызматкерлери 45 жаштагы мас абалдагы жабырлануучу башынан жаракат алып, баш мээси чайкалып, сол буту сынганын аныкташкан. Ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан