Жалал-Абад облусунда 26-март күнү 4 жашар кызды зордуктоого аракет кылган өзбек жараны кармалганын Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын ага инспектору Жылдызбек Аттокуров билдирди. Кылмышка шектүү жаран кичинекей кыздын энесинин арызынан улам колго түштү. Арыз ээси көчөдө ойноп жүргөн кызын Д.З. аттуу адам үйүнө ээрчитип барып, зордуктоого аракет кылганын айткан. Ал эми кармалган жаран өзүнүн иш аракеттерин моюнга алды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.