Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринин жанына 5 айлык уулун таштап кеткен эне табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү борбордогу Интергельпо көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанына наристесин таштап кеткен аялдын өздүгүн тактоо иштери улантылууда. Болжол менен 5 айлык эркек бала учурда аны таап алган аялдын колунда экени маалым.
Эскерте кетсек, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Баланы тиешелүү мекемеге өткөрүп берүү үчүн алып кетеринде ымыркайдын жаңы энеси баланы берүүдөн баш тартып, аны багып алууга ниеттенип жатканын билдирген.