Борбор шаарда зордуктоо фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 21 жаштагы Х.Г. аттуу тургуну кайрылган. Ал 18-апрель күнү саат 19:30 чамасында борбордогу Пархоменко көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен чала таанышы күч колдонуу менен зордуктаганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 26 жаштагы Т.Т. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.