Бишкек шаарында тоноочулукка шектелген 3 жаран кармалды

Бишкек шаарында тоноочулукка шектелген 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 29 жаштагы М.Т. аттуу жаран кайрылган. Ал 21-апрель күнү саат 04:00 чамасында Бейшеналиева-Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинен 10 чакты белгисиз адам күч колдонуу менен анын 28 миң сом акчасын, 2 уюлдук телефонун жана кол саатын алып койгонун билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 24 жаштагы Н.Б., 25 жаштагы К.Э. жана 26 жаштагы К.К. аттуу тургундары кармалышкан. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2016-04-22 15:40:15
Кудай жазаларын берсин адам тоногуч зоокурлордун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан